Site icon Reporter.kg

Парламентте тармактык комитет чек ара маселесин жабык эшик артында кароодо

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек ара маселесин жабык эшик артында кароодо.

Мындай сунушту депутат Абдывахап Нурбаев берди. Комитет жыйынындагы калган эл өкүлдөрү сунушту колдошту.

Жыйында Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ишинин жүрүшү жөнүндө маалымат угулат.

Учурда жыйынга тышкы иштер министрлигинин жана чек ара кызматынын өкүлдөрү жана депутаттар катышууда.

Exit mobile version