Site icon Reporter.kg

Видео: Парламентте Түлөбаев менен Иманалиев кайым айтыша кетти

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин карап жатышат.

Жыйында депутат Балбак Түлөбаев  талапкер Каныбек Иманалиевге кайрылып жатып, убагында президентти сындап жүргөн адамдар азыр элчи болуп иштеп жатышканын белгилеп, учурда “Ата Мекен” партиясынын өкүлү министр болуп бара жатканын айтты.

“Ушул жерден Ысык-Көлдүн аксакалдарына кайрылып койбойсузбу?”, — деди Балбак Түлөбаев.

Өз кезегинде Каныбек Иманалиев Аксакалдар коомунун төрагасы Эмилбек Каптагаев менен Садыр Жапаров менен дагы сүйлөшкөнүн айтты.

“Ысык-Көлдүн аксакалдары жана президент менен дагы менин бир дагы көйгөйүм жок. Мага чоң тармакты ишенип бергени, президенттин ичинде кек сактап, таарынган маселеден мамлекеттин кызыкчылыгын бийик койгону күбө. Ошондой жоопту мен эмес, Садыр Жапаров берди” — деди Каныбек Иманалиев.

24-февралда Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Садыр Жапаров 25-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алган.

Иманалиев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version