Парламентте жаңы келген депутаттар Исманов менен Урумкалиева ант берди

Парламентте жаңы келген депутаттар Исманов менен Урумкалиева ант берди

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңешке жаңы келген депутаттар Самат Исманов менен Чынара Урумкалиева парламентте ант беришти.

Самат Исманов «Республика – Ата-Журт» фракциясынан депутат Курманкул Зулушевдин ордуна келди. Зулушев Башкы прокурор болуп дайындалган.

Ал эми Чынара Урумкалиева КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиеванын ордуна депутат болду. Сурабалдиеванын талапкерлиги вице-премьерлик кызматка каралууда. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>