Site icon Reporter.kg

18 депутат айымга Toyota Camry кызматтык унаалары берилди

Жогорку Кеңеште 18 депутат айымга Toyota Camry үлгүсүндөгү кызматтык унаалары берилди. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан ырасташты.

Парламентте жалпы 19 депутат айым бар. Алардын ичинен бирөө кызматтык унаадан баш тарткан.

«Так датасын айта албайм. Бирок кызматтык унаалар депутаттарга каникулга чыкканга чейин берилген. Бул маселе Жогорку Кеңештин отурумунда чечилген», — деп билдиришти Жогорку Кеңештен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version