Site icon Reporter.kg

Парламенттик кайра шайлоо 20-декабрга белгиленди

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 21-октябрдагы жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын ичинен төрт партия, «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» жеңишке жеткен.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинггинен кийинки  башаламандыктан соң БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.

Exit mobile version