Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусундагы инфратүзүмдүк объекттердин абалы менен тааныштыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык мамлекеттен коноктор келетКыргызстанда жылына 200дөн ашык балага рак диагнозу коюлуудаКыргызстандын Башкы прокуратурасы мамлекеттик сектордо коррупциялык тобокелдиктерди башкаруунун жаңы стандарттарын киргизүүдөБелгилүү стендап-комик Нурлан Сабуровго Россияга кирүүгө 50 жылдык мөөнөткө тыюу салындыКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Салык жыйымдары 80 миллиард сомго өстү
Парламенттик комитет Исмаилова менен Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды
01.04.2020 | 14:13
Жогорку Кеңештин тармактык комитети вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин, ал эми Саламаттык сактоо министрлик кызматка Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралу “Репортерго” Жогорку Кеңештеги өздүк булактар кабарлады.
Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 1-апрель күнү кызматтан алынышты. Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Аида Исмаилова Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты. Сабиржан Абдикаримов болсо Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборун жетектеп келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат