Site icon Reporter.kg

Парламенттик комитет Исмаилова менен Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин, ал эми Саламаттык сактоо министрлик кызматка Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралу “Репортерго” Жогорку Кеңештеги өздүк булактар кабарлады.

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  бүгүн, 1-апрель күнү кызматтан алынышты. Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Аида Исмаилова Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты. Сабиржан Абдикаримов болсо Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборун жетектеп келет.

Exit mobile version