Site icon Reporter.kg

Парламенттик комитет шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүүнү карап жатат

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулап жатышат.

19-майда өтүп жаткан комитет жыйынында мыйзам долбоордун демилгечилердин бири Исхак Масалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Белгилей кетсек шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорду депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев иштеп чыккан.

Exit mobile version