Site icon Reporter.kg

Парламенттик комитеттин бөлүм башчысы пневмониядан каза болду

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы Абдыкайым Оморов пневмониядан каза болду.  Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Абдыкайым Оморов 1957-жылы 21-августа Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылында төрөлгөн.

1998-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча комитетинде эксперт катары иштеп келген.

2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бөлүм башчынын орун басары жана бөлүм башчы кызматтарды аркалаган.

Ал жигердүү мамлекеттик ишмердүүлүгү жана экономика тармагындагы алгылыктуу эмгектери үчүн бир нече сыйлыктар менен сыйланган.

REPORTER.KG  маалыматтык агенттиги маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат

Exit mobile version