Site icon Reporter.kg

Бүгүн парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланат.

Парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялардын жана бир мандаттуу округдардан катышкан талапкерлердин бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак 30-октябрда кармалат.

Быйыл Жогорку Кеңеште 90 депутат шайланып келет, анын 56сы партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Exit mobile version