Site icon Reporter.kg

Парламенттик шайлоого катышууга 48 партия ниетин билдирди

Жогорку Кеңештин кайра шайлоосуна катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 48ге жетти. Бул тууралуу 25-октябрда Борбордук шайлоо комиссисы билдирди.

Белгилей кетсек, Борборшайком 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам кабыл алып, ага президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Борборшайком бирок, кайра шайлоону өткөрүү боюнча кабыл алган чечимин мыйзамдуу деп санашууда.

Ушул жылдын 20-декабрына дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын тизмеси:

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октбрда митингге чыгып, нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктады. Башаламандык уланып жатканда Боршайком парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Exit mobile version