Site icon Reporter.kg

Парламенттик шайлоого катышууга 7 партия билдирме жөнөттү

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 31-августка карата жети партия билдирме жиберди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, шайлоого катышуу үчүн билдирмени «Социал-демократтар», «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Жаратман эл», «Кыргызстан биримдиги патриоттук партиясы» берген.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Шайлоого катышчу партиялар 3-сентябрга чейин Боршайкомго билдирме жибериш керек. Бир мандаттуу округдардан талапкер болчу жарандар 14-октябрга чейин арыз тапшырышы зарыл.

Бул жолку парламенттик шайлоо пропорционалдык (54) жана мажоритардык (36) система менен өтөт. Шайлоочулар партиянын тизмесиндеги талапкер үчүн дагы добуш бере алат.

Exit mobile version