Site icon Reporter.kg

Парламенттик шайлоону чагылдырууга 210 ЖМК катталды — тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону чагылдырууга 210 жалпыга маалымдоо каражатын каттады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Каттоодон өткөндөр: 57 телекомпания, 52 гезит-журнал, 26 радио жана 75 интернет басылма.

Каттоодон өткөн ЖМКлардын тизмеси менен бул жерден тааныша аласыздар.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт.

Exit mobile version