Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга белгиленди. Аталган жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда кол койду.
Көп узабай бул жарлыктын тегерегинде талаш тартыштар орун алып, COVID-19 пандемиясынын шартында шайлоо өткөрүү орунсуз, жылдыруу керек деген пикирлер айтыла баштады.
Жылдыруу керек дегендер пандемия шартында шайлоо өткөрүү вирустун массалык түрдө тароосуна алып келет жана ансыз да каражат тартыш болуп турган өлкө казынасын ири чыгымга учуратат дешүүдө.
Мына ушул маселенин күңгөй-тескейин окурмандарга чечмелеп берүү үчүн саясатчы, саясат талдоочу жана медицина жаатындагы серепчилер менен маектештик.
Медицина жаатындагы эксперт Айбар Султангазиев азыр көңүлдү пандемия менен күрөшүүгө гана буруп, башка маселелерди токтото туруп, болгон каражаттын баарын жарандардын өмүрүн, ден-соолугун сактоого багытташ керек деген пикирде. Болбосо абалды өтө оорлотуп алабыз дейт.
Ал эми саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов парламенттик шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт дейт. Эгер Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтүн узартса, алардын бардык чечимдери мыйзамсыз болуп каларын айтат.
2011-жылы конституциялык мыйзамды кабыл алып жатканда атайын эрежелерди киргизген. Ага ылайык, президент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону мөөнөтүндө милдетүү түрдө өткөрүшү керек. Каалайбы каалабайбы жактырабы жактырбайбы милдетүү түрдө. Андыктан шайлоону жылдыруу деген бизде болбойт. Эгер жылдырууну көздөшсө анда конституциялык мыйзамды өзгөртүш керек болот. Бирок аны өзгөртүү көп убакытты талап кылат, өзгөчө процедуралар бар. Ага азыркы чакырылыштын депутаттары жетишпейт.
Анан айрымдар айтып жатат өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал болсо шайлоону өткөрбөйбүз деп. Өзгөчө абал тууралуу бул мыйзам, анын юридикалык күчү 4-орунда ал эми парламент депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам конституциялык мыйзам, бул юридикалык күчү боюнча жогору турат”, — дейт саясат талдоочу.
Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев керек болсо, азыркы парламенттин мөөнөтүн узартуу жолун табуу керек деген пикирде.
Саясат талдоочу Марс Сариев болсо шайлоону убагында өткөрүүгө бийлик өзү да кызыктар, андыктан убагында өтөт деген пикирде. Ал кыйын кырдаалда кыргыз бийлиги көп ката кетирип, күндөн күнгө кадыр-баркы түшүп жатканын айтат.
Парламенттик шайлоого болжолдуу 1 миллиард сомдун тегерегинде каражат кетет. Буга чейин өкмөт 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого 1,2 миллиард сомдон ашуун каражат коротула турганын билдирген. Ал эми БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоонун чыгымдары аткаруу бийлиги эсептегенден азыраак болорун, 800 млн. сомдон ашык каражат коротуу пландалып жатканын айткан.
Кенжебай Сатканалев