Site icon Reporter.kg

Парламенттик шайлоону жылдырса болобу? Талдоочулардын талашы

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга белгиленди. Аталган жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда кол койду.

Көп узабай бул жарлыктын тегерегинде талаш тартыштар орун алып, COVID-19 пандемиясынын шартында шайлоо өткөрүү орунсуз, жылдыруу керек деген пикирлер айтыла баштады.

Жылдыруу керек дегендер пандемия шартында шайлоо өткөрүү вирустун массалык түрдө тароосуна алып келет жана ансыз да каражат тартыш болуп турган өлкө казынасын ири чыгымга учуратат дешүүдө.

Мына ушул маселенин күңгөй-тескейин окурмандарга чечмелеп берүү үчүн  саясатчы, саясат талдоочу жана медицина жаатындагы серепчилер менен маектештик.  

Медицина жаатындагы эксперт Айбар Султангазиев азыр көңүлдү пандемия менен күрөшүүгө гана буруп, башка маселелерди токтото туруп, болгон каражаттын баарын жарандардын өмүрүн, ден-соолугун сактоого багытташ керек деген пикирде. Болбосо абалды өтө оорлотуп алабыз дейт.  

“Азыр биринчи толкун деп атабыз, бирок бул токтобой сентябрга чейин уланат. Сентябрда ооругандар азаят. Анан октябрь, ноябрда кайра күчөйт. Анткени ошол учурда сезондук тумоолор башталат. Экинчиден талаа жумуштары бүтүп, эл чогулуп той, аш өткөрө башташат.  Ошол учурда жаңы толкун башталат.  Азыр карантин киргизип, бир айлык курска жаш жигиттерди кыздарды чакырып, ийне саюу дагы ушул сыяктуу нерселерди үйрөтүп даярдаш керек. Ансыз медиктер жетишпей бара жатат.  Азыр көңүлдү пандемияга менен күрөшүүгө гана буруп, башка маселелерди токтото туруу керек, болбосо абал өтө оорлоп кетүүсү мүмкүн. Болгон каражаттын баарын жарандардын өмүрүн, ден-соолугун сактоого багытташ керек.  Мындан сырткары биз азыр пандемиянын өзүн айтып атабыз, бүткөндөн кийин да кесепеттери болот. Аны да ойлонуу керек. Медициналык каражаттар менен камсыздап, медиктердин айлык акыларын көтөрүп, шарт түзүү зарыл, болбосо, абал өтө оор болот”, — дейт Айбар Султангазиев. 

Ал эми саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов парламенттик шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт дейт. Эгер Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтүн узартса, алардын бардык чечимдери мыйзамсыз болуп каларын айтат. 

“2011-жылы ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзам кабыл алынган.  Муну менен бизде биринчи жолу ар бир ушундай актынын юридикалык күчү жөнүндө иерархия киргизилген. Анда төмөнкүдөй болуп жайгашкан: 1- Конституция, 2- Конституциялык мыйзам, 3- Кодекс, 4- Мыйзам, 5- Президенттин жарлыгы. Мурда шайлоо кодекс менен өткөрүлчү. Азыр бизде шайлоо Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам менен өтөт.

2011-жылы конституциялык мыйзамды кабыл алып жатканда атайын эрежелерди киргизген. Ага ылайык, президент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону мөөнөтүндө милдетүү түрдө өткөрүшү керек. Каалайбы каалабайбы жактырабы жактырбайбы милдетүү түрдө.  Андыктан шайлоону жылдыруу деген бизде болбойт.  Эгер жылдырууну көздөшсө анда конституциялык мыйзамды өзгөртүш керек болот.  Бирок аны өзгөртүү көп убакытты талап кылат, өзгөчө процедуралар бар. Ага азыркы чакырылыштын депутаттары жетишпейт. 

Анан айрымдар айтып жатат өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал болсо шайлоону өткөрбөйбүз деп.  Өзгөчө абал тууралуу бул мыйзам, анын юридикалык күчү 4-орунда ал эми парламент депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам конституциялык мыйзам, бул юридикалык күчү боюнча жогору турат”, — дейт саясат талдоочу. 

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев керек болсо, азыркы парламенттин мөөнөтүн узартуу жолун табуу керек деген пикирде.   

“Шайлоо азыр негизги маселе эмес, аны талкуулаганды токтотуу керек.  Күндөн күнгө ооругандар, өлгөндөр көбөйүп жатат. Ошондуктан азыр Президент, Жогорку Кеңеш оозун ачпай тезирек мыйзамдарды кабыл алып, шайлоону коё туруп, азыркы парламентке мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берсе туура болмок. Негизи шайлоону жылдырганга мыйзам жол бербейт. Бирок пандемия деген да мыйзамда жок да. Менимче ушундай абалда 2-3 айга мөөнөтүн узартканга жол жобосун издеп чыгышыбыз керек. Кечээ президент да чыгып, сын пикирлерди айтты, бирок азыр сын пикир эмес чара көрүш керек, стандарттуу эмес чаралар көрүлүшү керек”, — дейт Масалиев. 

Саясат талдоочу Марс Сариев  болсо шайлоону убагында өткөрүүгө бийлик өзү да кызыктар, андыктан убагында өтөт деген пикирде.  Ал кыйын кырдаалда кыргыз бийлиги көп ката кетирип, күндөн күнгө кадыр-баркы түшүп жатканын айтат. 

“Азыркы бийлик аларга ишеним бар кезде октябрда өткөрүп алалы деп аракет кылып жатышат. Менимче алардын бул аракети стратегиялык жактан туура. Анткени бул пандемия көпкө созулат. Эгер шайлоону кийинки жылы жазда же күздө өткөрө турган болсо, абал курчуп, азыркы бийликтин потенциалы азайып, абал начарлап кетүүсү мүмкүн.  Азыр деле сын пикирлер көп.  Чынында күзүндө деле абал курч болот, шайлоо кандай өтөт азыр айтыш кыйын.  Күздө деле бийлик өзүнүн партияларын алып өтүп кетет деп да айтыш кыйын болуп калды. Азыр да сын пикирлер көп болууда”, — дейт саясат талдоочу. 

Парламенттик шайлоого болжолдуу 1 миллиард сомдун тегерегинде каражат кетет.  Буга чейин өкмөт 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого 1,2 миллиард сомдон ашуун каражат коротула турганын билдирген. Ал эми БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоонун чыгымдары аткаруу бийлиги эсептегенден азыраак болорун, 800 млн. сомдон ашык каражат коротуу пландалып жатканын айткан. 

Кенжебай Сатканалев
Exit mobile version