Парламенттик жана жергиликтүү шайлоону бир өткөрүү сунушу айтылды

Парламенттик жана жергиликтүү шайлоону бир өткөрүү сунушу айтылды

Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону бириктирип өткөрүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов сунуштады.

Турускулов пандемия шартында эки шайлоону бир күндө өткөрсө бюджеттен кеткен чыгым да азыраак болмок деп эсептейт.

 «Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке шайлоону бириктирип өткөрсөк туура болот. Анткени бүгүнкү кырдаал ушундай болуп жатат»,-деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова казынадан парламенттик шайлоого 560 млн. сом, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 56 млн. сом бөлүнгөнүн айтты. Жергиликтүү кеңештерге бөлүнгөн акчанын 24 миллион сому коротулганы белгилүү болду.

«Жергиликтүү кеңеш менен парламенттик шайлоону чогуу өткөрсөк, акча үнөмдөлүшү мүмкүн. Бирок башка маанилүү жагдайлар да каралыш керек. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү 30-ноябрга чейин аяктаса, шайлоо кийинки жылдын октябрь айынын биринчи демалыш күнү өткөрүлөт. Эгерде ошол жылы президенттик же парламенттик шайлоо болсо шайлоону бир күндө өткөрсө болот. Бирок быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоо апрель айынын биринчи демалыш күнү өтүш керек болчу. Ал өзгөчө абалга байланыштуу токтотулуп калды. Ошондуктан укуктук жактан караганда азыркы окуя башкача абал болуп турат», — деди Шайлдабекова.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>