Жогорку Кеңештеги кеңселерди депутаттардын эсебинен оңдоо демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештеги кеңселерди депутаттардын эсебинен оңдоо демилгеси көтөрүлдү

Бүгүн, 5-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны  өтүп жатат.

Жыйындын алкагында, 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларга байланыштуу Жогорку Кеңештин имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Комиссияны вице-спикер Мирлан Бакиров жетектейт.

Төрага Талант Мамытов имарат ичиндеги кеңселерди депутаттар өздөрү оңдосун деген демилге бар экенин билдирди.

«Жалпы чыгым аныкталып бүткөндөн кийин канчасын өзүбүздүн кызматташтар оңдойбуз деп демилге кылып жатышат. Макул болгон депутаттарга өз кеңселерин оңдоого берип, эртерээк ишке чыгабыз. Ошол эле учурда оңдоп берели деген демөөрчүлөр да чыгып жатат», — деди Мамытов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин имараты 4-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын митингинен улам талкаланган. Аны оңдоого 450 миллион сом кетери айтылган. Бирок кийинчерээк президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров парламенттин имаратын оңдоого 10 миллион сом акча талап кылынарын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>