Site icon Reporter.kg

Парламенттин төрагасы Шакиев менен Темир Сариев жолугушту

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңы шайланган президенти Темир Сариевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Шакиев улуттук экономикабыздын өнүгүшүндө Соода-ѳнѳр жай палатасынын мааниси чоң экенин белгилеген.

«Андыктан тажрыйбалуу ишмер катары ѳнѳр-жай тармагын алдыга жылдыруу, ишкерлерди колдоо жана эл аралык соода байланыштарын кеңейтүү жаатында жигердүү эмгектенесиз деген ишеничтемин. Сиздин буга чейинки баскан жолуңуз жана тармактагы ийгиликтериңиз коюлган милдеттерди толук аткарууңузга өбөлгө түзөрү анык», – деди ал.

Аны менен бирге ал жаңы жетекчиден жакшы жетишкендиктерди күтөрүн айткан.

«Дүйнөлүк экономика жана заманбап чакырыктар ыкчам аракеттерди талап кылууда. Ага ылайык, жаңы ыкмада жана заманбап көз карашта мекеменин ишин жигердүү алып барасыз деген үмүттөмүн», – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Темир Сариев жылуу кабыл алып, сунуш-пикирлери менен бөлүшкөндүгү үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Соода-ѳнѳр жай палатасынын миссияларына учкай токтолду

«Биринчиден аталган палата ишкерлердин башын бириктирген аянтча. Экинчи башкы максатыбыз бизнести колдоо болсо, үчүнчү миссиябыз мамлекеттик мекемелер менен тыгыз иш алып баруу. Айрыкча кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына, тийиштүү чечимдерге карата бизнес коомчулуктун катышуусун камсыздоо алкагында Жогорку Кеңеш менен кызматташуу артыкчылыкка ээ», – деди Сариев.

Мындан тышкары жолугушууда жаңы жетекчи катары жасай турган иштери тууралуу маалымат берип, пландары менен бөлүшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version