Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Беш-Сары» соода түйүнүнүн негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев 2 айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Ал салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелип, 21-февралда кармалган. Сот аны 19-апрелге чейин абакта кармоо чечимин чыгарды.
Парламенттин VI чакырылышынын дагы бир депутаты Жаныбек Бакчиевдин дагы бөгөт чарасы каралып, анын камоодогу мөөнөтү 23-мартка чейин узартылды.
Белгилей кетсек, Жаныбек Бакчиев Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча баңгизатты таркатуу үчүн аны жасоого шектелүүдө.
Аны УКМК октябрь айында кармаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз