Парламент депутаттары коронавируска каршы күрөштүн эсебине 4 млн сомдой которот

Парламент депутаттары коронавируска каршы күрөштүн эсебине 4 млн сомдой которот

Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 3 млн 907 миң 455сом которот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

Анын айтымнда бул акча каражаттар парламент депутаттарынын бир айлык эмгек маянасы.

27-мартка карата коронавируска каршы күрөшүү боюнча эсепке жалпысынан 49 млн 520 миң 447 сом түшкөн.

1) Финансы министрлиги тарабынан ачылген эсеп:
№ 4402011000101373

2) «РСК Банк» тарабынан аылган эсеп:
№ 1299004130020044

3) «Айыл Банк» тарабынан ачылган эсеп:
№ 1352119927702865

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>