Site icon Reporter.kg

Партиялар БШКга 5 күндүн ичинде шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөрүн жөнөтүүсү керек

Саясий партиялар 5 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүшү керек. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

БШКнын маалыматына караганда, 29-августта парламенттик шайлоонун календарлык планы бекитилди.

Ага ылайык, 3-сентябрда, саат 18:30га чейин партиялар тийиштүү маалымдаманы Боршайкомго жиберүүгө тийиш. Ал эми 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек.

Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.  Тактап айтканда, 54 депутат партиялык тизме менен шайланса, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28 -ноябрда өтөт.

Exit mobile version