Site icon Reporter.kg

Партиялар парады: Сурамжылоонун жыйынтыгында «Ата-Мекен» алдыда

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.VI чакырылыштын мөөнөтү бүтөрүнө аз гана убакыт калды. Учурда кээ бир саясий партиялар чачырап жатса, айрым партиялар биригип жатышканын жарыялашты.

Бир апта мурда REPORTER.KG маалымат агенттиги кайсы саясий партиянын Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына өтөөрүнө мүмкүнчүлүгү бар деген собол салган. Сурамжылоонун жыйынтыгында «Ата Мекен» («Жаңы Дем») партиясы көп  добуш алып алдыга чыкты. Аларга 1539 (31,48%) адам парламентке келсин деген добуш берген. Кийинки орунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы — 1183 добуш (24,20%), баарына каршы — 892 адам (18,25%), эң аз «Замандаш» партиясы — 6 (0,12) добуш алган.

Окурмандардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктары: 

Белгилей кетсек, кыргыз, орус редакциясы жүргүзгөн сурамжылоого жалпы 4 миң 898  адам катышты.

 

Exit mobile version