Партиялар съездерин өткөрүп бүтүштү. “Кыргызстан” дале ниетин ачыктабай турат

Партиялар съездерин өткөрүп бүтүштү. “Кыргызстан” дале ниетин ачыктабай турат

Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышарын жарыялаган партиялар курултайларын өткөрүштү.  Саясий бирикмелер жыйындарда талапкерлердин тизмесин түзүп, программаларын бекитишти.

Белгилей кетсек, бүгүн эле  «Ата-Мекен», «Республика», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа» жана башка партиялардын съезди өттү. 

Бирок бул шайлоодо фаворит катары эсептелинип жаткан партиялардын бири курултай өткөрөр-өткөрбөсүн ачыктабай турат. Бул «Кыргызстан» партиясы.

Партия штабы качан саясий бирикме талапкерлердин тизмесин түзөрү тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек.  Ал эми «Кыргызстандын» лидери Канат Исаевден бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. 

20-августка чейин партиялар курултайларын өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүп бүтүүсү керек. 

Ал эми 24-август күнү саат 18:00гө чейин саясий бирикмелердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлерди каттатуу үчүн керектүү документтерди өткөзүүсү керек. 

4-сентябрга чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо жүргүзүлөт.     

4-сентябрдан тарта шайлоо өнөктүгү башталат, ал эми шайлоо 4-октябрда өтөт.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>