Паспорт чыры: Мамкаттоонун мурдагы жетекчилери айыппул төлөп эркиндикте калат

Паспорт чыры: Мамкаттоонун мурдагы жетекчилери айыппул төлөп эркиндикте калат

Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды алууга байланыштуу тендер боюнча иш козголгон мамлекеттик мекемелердин жетекчилери акчалай айыппул төлөп эркиндикте калтырылат.

Биринчи май райондук соту чыгарган чечимге ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Руслан Сарыбаев жана Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башчысы Талант Абдуллаев 270 миң сомдон төлөөгө милдеттендирилген. Ал эми Мамкаттоонун статс-катчысы Данияр Бакчиевге 230 миң сом айыппул салынган.

УКМК өткөн жылдын апрель айында жогорудагы аталган тендерге байланыштуу «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. 

Кийин аты аталган адамдар тергөө менене кызматташууга барып, үй камагына чыгарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>