Site icon Reporter.kg

Паспорттон тарта бланктарга чейин «Гознак» жасамай болду

Кыргыз жарандарына тиешелүү мамлекеттик документтерди «Гознак» ЖЧКсы жасай баштайт. Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө»  жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, уставдык капиталындагы 65% салымы мамлекетке таандык болгон «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому Кыргызстандын аймагында жана тышкаркы жерлерде мамлекеттик маанидеги документтерди, жарандын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын жана атайын мамлекеттик бланктарын, анын ичинде так эсептеги жана отчеттуулуктагы документтердин бланктарын даярдоочу болуп аныкталды.

«Гознак» жоопкерчилиги чектелген коомун Кыргыз өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизилмей болду.

Exit mobile version