Site icon Reporter.kg

Педофилдерди бычуу тууралуу мыйзам долбоорун комитет колдоду

Педофилдерди хирургиялык жол менен бычуу тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоору депутат Улан Бакасов тарабынан иштелип чыккан.

Жыйында суроо-жооп болуп, депутаттар, прокуратура, Министрлер кабинети аталган мыйзам долбоору боюнча позицияларын билдирди. Министрлер кабинети ал боюнча терс корутундусун берди.

Андан тышкары прокуратуранын өкүлү мыйзам долбоору Конституцияга жана Кыргызстан кол койгон эл аралык макулдашууларга каршы келерин билдирди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен комитеттин көпчүлүк мүчөсү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанда педофилдерди химиялык жол менен бычуу жазасын киргизүү аракеттери болгон. 2013-жылы ал демилгени президент Алмазбек Атамбаев артка кайтарган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version