Site icon Reporter.kg

Педофилдерге өлүм жазасын киргизген мыйзам сунушталууда

Кыргызстанда педофилдерге өлүм жазасын караган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Тиешелүү документ парламенттин сайтында жарыяланып, коомдук талкууга чыгарылды.

Өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 60тан ашык депутат демилгелеген.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде балдарга зомбулук көрсөтүүгө байланышкан оор кылмыштар көбөйүп баратканы белгиленген. Документтин демилгечилери көптөгөн жарандар депутаттардан жашы жете электерге зомбулук көрсөткөндөргө катаал чара көрүүнү көп жолу сурашканын айтышкан.

«Балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштардын күндөн күнгө өсүп баратканын, балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн тагдыры талкаланып, өмүрлөрү кыйылып жатканын көңүлгө алуу менен ушул мыйзам долбоорунда Кыргызстандын Конституциясында өзгөчө жаза чарасы катары – өлүм жазасын кароо сунуш кылынат», — деп белгиленген документте.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын алгачкы 7 айында балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 кылмыш иши тергөөгө алынган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылы балдарга карата жасалган 3 миң 34 кылмыш фактысы катталган, 500дөй иш сексуалдык зомбулук менен байланышта болгон.

Эскерте кетсек, быйыл сентябрь айында педофилдерди хирургиялык жол менен бычуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.

Кыргызстанда педофилдерди бычуу тууралуу мыйзам даярдалды

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version