24-январда «Манас» эл аралык аэропортунда Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча биринчи каттамды салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту билдирди.
Жүргүчүлөрдү Airbus A320neo учагы менен Кытайдын «China Southern Airlines» авиакомпаниясы жумасына үч жолу ташыйт.
Алгачкы учак менен Пекинден Бишкекке 90 жүргүнчү учуп келип, 150 адам Кытайга жөнөп кетти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз