Бишкек шаарынын мэриясы жеңилдиктер каралган категориядагы жарандарга кызыл «Тулпар»карталарын берүүнү жандандырды.
Мэриядан билдиришкендей, карталар бериле турган ар бир түйүндө санитардык талаптар сакталган. Карталар күнүнө чектелүү сандагы адамга берилет: райондук акимчиликтеги тейлөө борборлорунда күнүнө 80 адамга жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда 50 кишиге.
«Тулпар» карталарынын артыкчылыгы: чыгымдардын ачыктыгы жана кагаз, тыйын акчаларды колдонуунун кереги жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да кагаз акчаларды көп колдонбоону сунуштайт», — деп билдирет мэрия.
Мэрия автобус жана троллейбустарга алдыңкы эшик аркылуу кирүү керектигин эскертет.
Песионерлер «Тулпар» карталарын кайсы жерден ала алат:
Ленин району:
Ленин районунун акимчилиги — Чүй проспектиси 315 (Фучик көчөсү менен кесилишет);
№5 МАБ — Шота Руставели көчөсү, 111 (Ахунбаев көчөсүнөн жогору);
Бишкек троллейбус башкармалыгы — Москва көчөсү, 237а (Фучик көчөсү менен кесилишет).
Октябрь району:
Октябрь районунун акимчилиги — Байтик баатыр көчөсү, 17 (Медеров көчөсү менен кесилишет);
№8 МАБ — Токтоналиев көчөсү, 80/2 (Саманчин көчөсү);
№9 МАБ — 6 кичирайону, 4/1 (Сухэ-Батор көчөсү).
Свердлов району:
Свердлов районунун акимчилиги — Чүй проспектиси, 28 (7-апрель көчөсү менен кесилишет);
№17 МАБ — Москва көчөсү, 15 (Сүйүмбаев көчөсү менен кесилишет);
№18 МАБ — Атай Огонбаев көчөсү, 207 (Гоголь көчөсү менен кесилишет);
№21 МАБ — «Энесай» конушу (9), 256/2 (Култегин көчөсү).
Биринчи май району:
Биринчи май районунун акимчилиги — Жибек-Жолу проспектиси, 348 (Логвиненко көчөсү менен кесилишет);
№12 МАБ — Токтоналиев көчөсү, 6Б (Жаманбаев көчөсү менен кесилишет).