Site icon Reporter.kg

Пенсия чегерилет, салыктан бошотулат: «КР Баатыры» наамынын кандай артыкчылыгы бар?

Бүгүн, 1-сентябрда Садыр Жапаровдун жарлыгы менен мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы 5 адамга ыйгарылды.

Эң жогорку даражадагы сыйлык мамлекеттик ишмерлер Апас Жумагуловго, Медетхан Шеримкуловго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге (каза болгондон кийин), маркум кинорежиссер Болотбек Шамшиевге ыйгарылды.

Reporter.kg мамлекеттик сыйлык жөнүндөгү кызыктуу фактыларды жана анын артыкчылыктарын тизмектеди.

Наам кимдерге ыйгарылат? 

«Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы наамынын жобосу 1996-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен бекитилген. Бул жобо менен:

«Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамы мамлекет жана эл алдында өзгөчө эмгек сиңирген, Кыргыз Республикасынын эркиндиги жана эгемендүүлүгүн сактоого баатырдык эрдик кылган жарандар сыйланат. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамы Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан бир жолу гана ыйгарылат. Жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамына татыган адамга «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси ыйгарылат.

Алтындан жасалган «Ак Шумкар» төш белгиси

«Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси алтындан жасалып, жогорку деңгээлдеги сегиз нур 40 мм айлананы, жана ылдыйкы деңгээлдеги он алты нур 30 мм айлананы түзүп, симметриялык жылдыз формасында жасалган. Нурлардын, чектеринин жана формасынын караандары тоо чокуларын жана ачылган тоо жоогазынын элестетет. Жылдыздын борбордук диски рельефтүү күмүш лавр жалбырагы менен чегеленген. Дисктин борборунда ыйык Ак-Шумкардын күмүштөн жасалган рельефтүү сүрөттөлүшү жайгашкан. Дөңгөчү, кызыл эмаль талаачасында түндүктүн рельефтүү сүрөтү тумар формасында жасалган.

Наам кандай артыкчылыктарды берет?

— Наамга татыган адамдардын энесине «Баатыр эне» ордени ыйгарылат;

— Кыргызстанга сиңирген эмгеги үчүн пенсия чегерилет;

— мамлекет тарабынан курулган үйлөр кезексиз берилет. Ошондой эле бериле турган үйдүн аянтына 20 чарчы метр кошулуп эсептелет;

— чарбалык коомчулуктарга мүчө болуу укугу;

— жер салыгынан бошотулат;

— жумушка баруу мүмкүнчүлүгү убактылуу чектелип калса маянасынын 100 пайыз көлөмү жөлөк пул иретинде берилет;

— кошумча нарк салыктан бошотулат;

— спорттук комплекстердин кызматтарын бекер колдоно алат;

— майып жана карылар үйүнө кезексиз кабыл алуу, социалдык кызматтардын кезексиз көрсөтүлүшү;

— бейитине мамлекеттик бюджеттин эсебинен эстелик орнотулат.

Кыргыз Республикасынын баатырлары

Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Тургунбай Садыков, Салижан Шарипов, Турдакун Усубалиев, Сабира Күмүшалиева, Акбаралы Кабаев, Курманбек Арыков, Асанкан Жумакматов, Мамбет Мамакеев, Абсамат Масалиев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Төлөгөн Касымбеков, Эрнис Акрамов, Кулийпа Кондучалова, Дооронбек Садырбаев, Исхак Раззаков, Алисбек Алымкулов, Бексултан Жакиев, Муталин Мамытов, Таштанбек Акматов, Жусуп Мамай.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version