Site icon Reporter.kg

Пентагонго жаңы башчы дайындалды

АКШнын коргоо министри болуп Марк Эспер дайындалды. Бул тууралуу РИА новости басылмасы жазды. Буга чейин Пентагонду Патрик Шанахан убактылуу жетектеп турган. Ал июнь айынынын соңунда өз эрки менен кызматтан кеткен.

Ак Үй администрациясы өткөн жылдын декабрь айынан бери Пентагонго башчы издеп жаткан.

Марк Эспер  1986-2007 жылдар аралыгында аскердик кызмат өтөгөн. 2017-жылдан бери Сенаттын колдоосу менен АКШнын кургактагы күчтөр министрин кызматын аркалап келген.

Exit mobile version