Перу бир жуманын ичинде үчүнчү президентти шайлады

Перу бир жуманын ичинде үчүнчү президентти шайлады

 Перунун кийинки убактылуу президенти болуп Франсиско Сагасти шайланды. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, конгрессмен Франсиско Сагасти Перунун Конгрессинин башчысы болуп шайланган, бул ага өлкөнүн убактылуу президенти болуу укугун берет. Ал Перунун президенти болуп 2021-жылдын июлуна чейин иштейт. Сагасти 130 добуштан 97 добуш алып, атаандашы Роцио Силва Сантистебанды жеңип алды.

Дүйнөлүк банктын мурдагы кызматкери жана Морадонун центристтик партиясынын мүчөсү, 76 жаштагы Сагасти эртең, 18-ноябрда Конгресстин атайын сессиясында ант берет.

Эске салсак, өлкөнүн президенти Мартин Вискаррга жарыяланган импичменттен кийин Мануэл Мерино кийинки шайлоого чейин президенттин милдетин аткаруучу болуп турган. Бул чечим убактылуу мамлекет башчысына каршы демонстрацияларга алып келип, ал ант бергенден беш күндөн кийин кызматтан кетерин жарыялаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>