Site icon Reporter.kg

Пиязды чет жакка сатууга киргизилген чектөө алынат

Пиязды Кыргызстандан чет жакка сатууга киргизилген тыюу салуу алынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган чектөөнү алып салууну караштырган токтом долбоору даярдалган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 31-январдан тарта пиязды (жана анын түрлөрүн) чет жакка сатууга үч айлык мөөнөткө тыюу салынган. Ага пияздын баасынын кымбатташы себеп болгон.

16-февралда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине пиязды сыртка сатууга тыюу салуу тууралуу чечимин жокко чыгарууну сунуштап, тиешелүү токтом кабыл алган. Ага дыйкандардын министрлер кабинетинин чечимине нааразы болуп, пияздарын сата албагандыктан, алар бузулуп, чыгым тартып жатканын билдирип чыкканы себеп болгон.

Кыргызстанда пиязды сыртка сатууга убактылуу тыюу салынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version