Site icon Reporter.kg

Планетанын эң узак жашаган адамы катары япониялык аял рекордго жетти

Япониялык аял Кейн Танакага 117 жаш 260 күн болду. Ал планетанын эң узак жашаган адамы катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бул узак жашаган япондордун рекорду болуп саналат.

Кейн Танака 1903-жылы 2-январда туулган. Ал шоколадды жана газдалбаган суусундуктарды жакшы көрөт жана 120 жашка чыгууну үмүттөнөт.

Акыркы маалыматтарга караганда, учурда Японияда 100 жаштан ашкан 80 миңден ашуун адам жашайт, алардын 88 пайызын аялдар түзөт. Ошол эле учурда, 1963-жылы Японияда 100 жаштан ашкан 153 гана адам болгон, 1981-жылы алардын саны миңге, ал эми 1998-жылы он миңге жеткен.

Exit mobile version