Site icon Reporter.kg

Планетанын эң улгайган адамы Танака каза болду

2019-жылы Гиннестин рекорддор китебине планетанын эң улгайган тургуну катары таанылган япониялык Кейн Танака 119 жашында карылар үйүндө каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Интервьюларынын биринде ал 120 жашка чейин жашагысы келерин айткан. Танака ошондой эле анын үй-бүлөсү, дени сак уйку жана тамактануусу анын узак жашашынын сыры экенин айткан.

Танака 1903-жылы туулган. 19 жашында турмушка чыккан. Анын үй-бүлөсүндө беш баласы бар. Танака төртөөнү өзү төрөп, бирөөнү багып алышкан.

Жолдошу Хидео Танака өмүрүн үй-бүлөлүк бизнеске арнаган. Анын компаниясы тамак-аш азыктарын өндүрүү менен алектенет.

Кейн күйөөсү Экинчи дүйнөлүк согушка барганда ишкананы башкарууну колго алып, 103 жашка чыкканга чейин жетектеген.

Танака акыркы жылдарын карылар үйүндө өткөргөн. Өлөрүнүн алдында бир нече жыл мурун рак шишигин алып салышкан. Ошондон бери коркунучтуу оорулар аны тынчсыздандырган эмес.

Exit mobile version