Site icon Reporter.kg

Пневмонияга чалдыккан Камчыбек Ташиевдин абалы оор

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин абалы оор. Бул тууралуу анын уулу Тай-Мурас ырастаганын Ташиевге таандык делинген Регион телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов маалымдады.

Камчыбек Ташиев агабыздын ден-соолугунун абалынан кыжаалат болуп, тынымсыз сурап жаткан урматтуу мекендештер, азыр эле уулу Тай-Мурас Ташиев, Камчыбек Кыдыршаевичтин абалы оор экенин айтты. Кудай шыпаа берсин, — деп жазган Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына.

Бул маалыматты Reporter агенттигинин кабарчысы байланышканда да тастыктап  Ташиевге эки тараптуу пневмониянын оор түрү деп диагноз коюлганын айтты. Саясатчынын абалы учурда оор бойдон.

Exit mobile version