Site icon Reporter.kg

Польшада коранавирустан улам президенттик шайлоо жылдырылды

Польшада коранавирус пандемиясына байланыштуу 10-майга белгиленген президенттик шайлоо башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу РИА новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык,  президентти тандоо күнү 10-июлга жылышы мүмкүн. Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү элдер добушту почта аркылуу жиберүү сунушталууда.

Шайлоону мындай жол менен өткөрүүнү өлкөнүн парламенти дагы колдогон. Алдын ала жүргүзүлгөн сурамжылоодо элдин көбү учурдагы президентти тандашаарын айтышкан. Евокомисся Польшадагы шайлоонун өтүшү боюнча тынчыздануусун билдирген.

Exit mobile version