Site icon Reporter.kg

Польшадагы мелдеш: Бүгүн Тыныбекова менен Жуманазарова күрөшөт

Польшанын борбору Варшавада күрөш боюнча Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдеши уланууда.

Бүгүн, 21-июнда мелдештин үчүнчү күнүндө кыргызстандык үч балбан кыз таймашка чыгат: Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Калмира Билимбекова (59 кг).

Беттештер саат 15:00до башталат.

Эскерте кетсек, Польшадагы мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим балбандары арасында таймаш өттү. Кыргыз балбандардан Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Амантур Исмаилов (67 кг) алтын, Раззак Бейшекеев күмүш (67 кг) жана Үзүр Жусупбеков коло байге утту.

Польшадагы мелдештин финалында Бейшекеев жеңишти Исмаиловго берди (видео)

Exit mobile version