Site icon Reporter.kg

Порнографиялык сайттарга көп кирсеңиз 2200 сом айып

Порнографиялык сайттарга көп киргендиңиз үчүн бөгөттөлдүңүз. Мындай билдирүүлөр интернет шилтемелерин баскан маалда келип, үрөй учуруп жатканын  Reporter.kg ′ге окурмандар билдирүүнүн сүрөтүн жөнөткөн.

Ал билдирүүдө, “Кыргызстандын ички иштер министрлигинин билдирүүсү! Кыргызстандын мыйзамдарына тыюу салынган материалдар камтылган порнографиялык сайттарган киргениңиз үчүн бөгөттөлдүңүз.Тактап айтканда, педофилия, зордук-зомбулук көрүнүштөрү чагылдырып, гомосексуализм үгүттөгөн материалдар. Бөгөттөн чыгуу үчүн 996 557 034 500 номериндеги мамлекеттик капчыкка 2200 сом айып төлөшүңүз керек. Айыпты MegaCom системасы колдоого алынган каалаган электрондук капчык аркылуу төлөй аласыз” – деп жазылган.

Бул гугл котормосу аркылуу башка тилдерден которулганы билинип турат. +996 557 034 500 номерине чалып текшерип көрсөк, ал телефон иштебегени аныкталды.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул билдирүү чындыкка дал келбестигин тастыктады.

 

Exit mobile version