Site icon Reporter.kg

Пособиеге чыгаруу үчүн пара алган жетекчи колго түштү

Пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, пара алып жаткан жеринен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси “М.Э.С” кармалды.

Ал жаш балдарга пособия алуу үчүн берилген арыздарды кароо жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып турган. Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Жашыруун кызмат канча көлөмдө каражат алганы туурасында маалыматты ачыктаган эмес.

Exit mobile version