Site icon Reporter.kg

Премьер-министр кызматы жоюлат

Премьер-министр кызматы жоюлат, ошону менен кошо бирин бири кайталаган мамлекеттик иш каналар кызматтар жокко чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда президент Садыр Жапаровдун «Телеграм-каналына» жарыяланды.

Жапаров жаңы өкмөт ишин көрсөтүү үчүн алдыда 6 ай убакыт талап кылынарын айтты.

«Урматтуу мекендештер, келечекти тегиз калыс карайлы.. Биз баардыгын жеңебиз. Жеңишке жетүү үчүн бир гана Элдин ишеними бекем болуусу керек!

Алдыда дагы жок дегенде 6 ай убакыт талап кылынат, ага чейин кечээ бекиген жаңы өкмөттүн мүчөлөрү өзүнүн ишин элге иштеп көрсөтөт

Ал арада жаңы даярдалган конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынышы күтүлүүдө

Жаңы кабыл алынган конституциянын жана жаңы мыйзамдардын негизинде жаңы реформалар, жаңы өзгөрүүлөр, жаңы таза профессионал кадрлар дыкат конскурстук текшерүүдөн өтүп келүүсү мыйзамдын чегинде гана жүрөт

Премьер-министр кызматы жоюлат, ошону менен кошо бирин бири кайталаган мамлекеттик иш каналар кызматтар жокко чыгарылат.

Бул этап процесстерди басып өтүү үчүн убакыт талап кылынат», — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 3-февралда Өкмөттүн жаңы курамы дайындалган. Анда 12 министрлик бар. Өкмөт башчы Улукбек Марипов болгон.

Exit mobile version