Site icon Reporter.kg

Премьер-министр: Тойканаларды 100 орунга чейин толтурууга уруксат бериле элек

Кафе, ресторандарды, тойканаларды 100 орунга чейин толтурууга уруксат бериле элек. Мындай билдирүүнү бүгүн, 15-сентябрда брифинге өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

“Эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен тойканаларды 100 орунга чейин ачылышына республикалык штабда маселе каралмайынча, алардын ачылбастыгын эскертемин. Азыркы тапта, жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандарды 100-150 орунга чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар болууда. Бирок, биз биринчиден кырдаалды эске алып, экинчиден кафе-ресторандардын ээелери менен биргеликте шарттарды туура түзгөнгө жетише ала турган болсок, анда бул маселени караганга мүмкүнчүлүк туулат”, — деп билдирди премьер-министр.

Exit mobile version