Премьер-министрдин милдетин аткаруу Артем Новиковго жүктөлдү

Премьер-министрдин милдетин аткаруу Артем Новиковго жүктөлдү

Премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктары Президенттик шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Ушул эле буйрукка ылайык, Президенттик шайлоо мезгилинде ремьер-министрдин милдеттерин аткаруу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын 19-беренесине ылайык биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго жүктөлдү.

Белгилей кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө башаламадык болуп, ал бийликтин алмашуусу менен аяктаган.

Шайлооо чейин абакта жаткан Садыр Жапаров башаламандык учурунда тарапташтары тарабынан эркиндикке чыгып, 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалган. 16-октябрда Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен соң президенттин ыйгарм укуктарын аткаруу ага жүктөлгөн.

Бирок ал 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндүгүнө байланыштуу өлкө президентинин жана өкмөт башчынын милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын  14-ноябрда өткөрүп берди.

Жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын аткаруу милдети эми Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлдү.

Президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз берүү мөөнөтү 14-ноябрында саат 23:59да аяктаган.

БШКнын маалыматына ылайык, жалпы 65 адамдан документтер келип түшкөн, эки адам кайра арызын чакыртып алган. Арыз бергендердин 62си өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлигин көрсөтүшсө, бир адамдын талапкерлиги саясий партия тарабынан сунушталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>