Премьерликке көрсөтүлгөн Тилек Токтогазиев  Өкмөт үйүнө кирип кетти

Премьерликке көрсөтүлгөн Тилек Токтогазиев  Өкмөт үйүнө кирип кетти

Жаңыланууну талап кылып митингге чыккан жаштар тарабынан премьер-миинстрликке көрсөтүлгөн Тилек Токтогазиев  Өкмөт үйүнө кирип кетти.

Буга чейин аны Садыр Жапаровдун тарапташтары Өкмөт үйүнө киргизбей жаткан.

Тилек Токтогазиев буга чейин «Репортерго» берген комментарийинде өкмөттү убактылуу жетектөөгө даяр экенидигин айткан. 

Белгилей кетсек, 6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиянын өкүлдөрү чогулуп Координациялык кеңеш түзүшүп, өлкөдөгү абалды жөнгө салууга аракет кылышарын айткан.

Ушул эле күнү кечке маал “Достук” мейманканасында парламенттин кезексиз жыйыны өтүп, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун дайындалганы айтылган.

7-октябрда мурдагы Координациялык кеңештин курамына кирбеген  партиялардын өкүлдөрү дагы Элдик координациялык кеңеш түзүшүп,  эски саясатчыларды  бийликке жолтпоо керектигин айтышкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>