Президент: Өлкөдө мал чарбачылыгынын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар, аны натыйжалуу пайдалануу керек

Президент: Өлкөдө мал чарбачылыгынын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар, аны натыйжалуу пайдалануу керек

Өлкөдө мал чарбачылыгынын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар, аны натыйжалуу пайдалануу керек. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-августта Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районундагы асыл тукум мал чарбачылыгы менен алектенген «Сал-Эм» асыл тукум заводунун ишмердиги менен таанышуу учурунда билдирди.

Асыл тукум заводунун жетекчиси Саламат Молдоканов аталган ишкана «Абердин Ангус» породасындагы уйларды, Орусиянын асыл тукум жылкыларын жана гиссар тукумундагы койлорду өстүрүү менен алектенерин маалымдады.

Малдын жалпы саны 600 баштан ашат.

Саламат Молдоканов асыл тукум мал чарбачылыгы менен алектенерин, эгемендиктин алгачкы жылдарында бул иш менен алектенген атасынын баштаган ишин улантып жатканын билдирди.

Президент жергиликтүү ишкерлер менен баарлашып, асыл тукум мал чарбачылыгы чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин айтты. Аны натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын баса белгилеп, асыл тукум мал чарбачылыгы айыл чарба тармагында өзгөчө орунду ээлерин, малдын санын көбөйтүүгө жана мал чарба азыктарынын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.

Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында фермерлер, дыйкандар жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн салык боюнча жеңилдиктер, айылдагы товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген каржылоо жөнүндө айтып берди.

Мындан сырткары, мектептерде бийик тоолуу аймактардын коэффициентин эске алуу менен айлык акыга кошумча төлөмдөр берилбей жаткандыгын белгилешип, буга байланыштуу региондук коэффициентти кайра киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>