Президент 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деген жарлыкка кол койду

Президент 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деген жарлыкка кол койду

2020-жыл «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 8-январда кол койгонун Президенттин басма сөз кызматы кабаралайт.

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маанилүү милдети катары региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды ар тараптуу колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аныкталган.

“Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин камтыйт. Анын ичинде үй-бүлө институтуна, балдарды социалдык жактан коргоонун деңгээлине таасир эткен ички миграцияны кыскартуу максаты да коюлууда.

Бул тенденцияны эске алуу менен быйылкы жылы мамлекет өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маанилүү милдети катары региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды ар тараптуу колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аныкталды”, — деп жазылат анда.

Өкмөткө жарлыкта конкреттүү белгиленген бир катар милдеттерди жана багыттарды ишке ашыруу сунушталган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы региондорду өнүктүрүү өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыгы деп аныкталган. Ал эми 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>