Президент Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү (сүрөт)

Президент Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү (сүрөт)

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө.

Мамлекет башчысы Ак-Талаа районунун чоң потенциалын белгилеп, анын алыскы тоолуу район катары дагы Кыргызстандын башка аймактары менен биргеликте өнүгөрүн айтты.

Президент ак-талаалыктарга бүт республикада аймактарды өнүктүрүү боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

Өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүүнү жана ошондой эле тышкы саясаттагы жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө белгилеп өттү.

Сооронбай Жээнбеков ирригация жана таза суу менен камсыздоо боюнча улуттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө кеңири токтолуп, бул багыттар анын президенттик кампаниясынын негизги убадаларынан болгонун белгиледи.

Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык, 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жерлер өздөштүрүлүп, 50 миӊ гектар жердин суу менен камсыздоосу жогорулайт.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуштун 69 айылы таза суу менен камсыз болду, эми алдыдагы 5 жылда 584 айылга таза суу тартылат.

Ипотекалык насыя берүү тууралуу айтсак, мамлекеттик ипотеканын пайызы 14төн 7 пайызга төмөндөдү. 8-10% менен 3800 ипотекалык кредит берилди. Ипотекалык кредитке бюджеттен бөлүнгөн акчаны быйыл 2 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда.

Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган максаттар жана милдеттер кыргызстандыктардын кызыкчылыктарында ишке ашырылат деп ак-талаалыктарды ишендирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>