Site icon Reporter.kg

Президент Акылбек Жапаровду эмнеге кызматтан алганын айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештеги жыйында Акылбек Жапаровдун өкмөт башчы кызматынан бошотулушу боюнча билдирүү жасады.

Сөз башында ал өлкө бир катар жетишкендиктерге жеткенин айтып, ага министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун да салымы бар экенин кеп кылды.

«Анын кызматтан алынышын ашыкча саясатташтыруунун кереги жок деп ойлойм. Бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейитти. Маселен акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам Салык кызматынын жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 17-декабрдагы маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Акылбек Жапаровдун кызматтан бошотулушу боюнча комментарий берип, Жапаров «бир нерсеге байланышы болгон үчүн кетти, жөндөн-жөн кетпейт» деп билдирген.

Салык кызматынын төрагасы менен орун басары 20-январга чейин камакка алынды

Exit mobile version