Мен аялмын деп билгенин кыла берген туура эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Отурумда депутат Аида Исатбек кызы президентке кайрылып, акыркы күндөрү аялдарга жасалып жаткан мамиле тууралуу сөз кылды.
«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, акыркы күндөрү аялдарга өтө орой мамиле жасалып жатат. Сизден сураныч, аялдарга кичине аяр мамиле кылсын деп талап койсоңуз. Оппозиция экенин, журналисттер туура эмес маалымат берип жатканын түшүнүп жатам, бирок ал баары бир аял да. Бизде илгертен ушундай (аялдарга сый-урмат – ред.) болуп келген. Мени уктуңуз деп үмүттөнөм», — деди ал.
Депутаттын сөзүнө жооп берген президент мыйзам баарына бирдей экенин айтты.
«Мыйзам баарына бирдей. Аялга өзүнчө, эркекке өзүнчө каралбайт. Аял дагы жоопкерчиликти сезе билиши керек. Мен аялмын деп билгенин кыла берген туура эмес. Буга да макул болушубуз керек. Ошон үчүн бардыгы мыйзам чегинде болсун», — деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист жана саясатчы «массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектелип камакка алынган. Алардын арасында аялдардан Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Рита Карасартовалар бар. Алардын камакта болгону коомчулукта сынга алынып келет.
Ошондой эле, 15-ноябрда Ак үйдүн алдында милициянын укук коргоочу Азиза Абдирасулованы күч колдонуп кармап кеткени катуу сынга кабылган.
Видео: Милиция укук коргоочу Азиза Абдирасулованы кармап кетти
Биздин Телеграм каналга катталыңыз