Президент балдар уюмдарына деп 1 млн сом бөлдү

Президент балдар уюмдарына деп 1 млн сом бөлдү

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбековдун атынан КТРКнын «Мээрим» теледолбооруна катышкан, ата-энесинен ажыраган жыйырма балага эстеликке белектер тапшырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Мамлекет башчысынын атынан ноутбук түрүндөгү белектерди өлкө региондорунун жетекчилери тапшырышты. Теледолбоордун беш катышуучусуна белектерди президент өзү тапшырат, алар бүгүн мамлекет башчысы менен жолугушууга чакырылган.

Президент мындан сырткары оор турмуштук абалга кабылган балдарга билим берүү, социалдык жана реабилитациялык кызмат көрсөткөн төмөндөгү балдар уюмдарынын ар бирине 100 миң сом бөлгөн.

  1. »Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору» мекемеси;
  2. »Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси;
  3. »Тянь-Шань балдары» коомдук бирикмеси;
  4. »Благодать» коомдук фонду;
  5. »Жылмаюу» коомдук фонду;
  6. »Эне бала мээрими» коомдук фонду;
  7. »Теңир Колдо» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси;
  8. »Ай-Мээри» коомдук бирикмеси;
  9. »Ариет» мектепке чейинки (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар) атайын билим берүү уюму;
  10. »Стимул» маалыматтык-кеңеш берүү жана демонстрация борбору» коомдук фонду.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>